Бир айдан ашык убакыт дайынсыз жок болуп жаткан Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин жетекчиси Орхан Инанды Түркияда экендиги белгилүү болду. Болгондо да мындай кабарды бул өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү элге кайрылуусунда айтты. Эрдоган өз сөзүндө: "Улуттук чалгын уюмубуз өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү Орхан Инандыны биздин өлкөгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Бул мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмага кабылган, кан төккөн, материалдык жана моралдык зыян келтирген бир дагы түзүмдүн жашоосунун улантышына жол бербейбиз. Бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деди.
Бул арада Кыргызстандагы О. Инандынын окуучулары менен тарапкерлери күн сайын Ак үй, Көк үй, Түркиянын элчилигинин маңдайында митинг өткөрүшүп, “Кыргызстандын жараны Орхан Инанды табылсын!”,- деген талап коюп турушкан. Ал тургай ким Орхан бейдин дайын-дареги тууралуу маалымат берген адамга 1 млн. доллар сыйлык да жарялап жиберишкен. Ал эми милиция кылмыш ишин козгоп, ит менен издей баштаган.
Көрсө, бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын имамы жана ФЕТОнун аймактагы жооптуу өкүлү катары эсептелген О. Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдап кеткен турбайбы. Ал эми бул жаңылыкты президент Р. Эрдоган өзү жар салгандыгына караганда, ал Түркия үчүн өтө “баалуу” душман турбайбы. Эми мурдагы бийликтер кол тийгиздирбей келген О. Инандынын Түркия тарабынан уурдалышы эки өлкөнүн мамилесине кандай таасир тийгизер кен...