УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелип камалгандардын катарында Бишкектин экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев деген да бар болчу. Ал бул кызматта иштеген учурунда шаардыктар, эл үчүн кандай жумуш жасап кыйратканын ким билсин, бирок аз убакытта жана жаш экендигине карабай же эч кандай жеке бизнеси жок туруп жомоктогудай байып, олигархтардын катарынан орун алып калган болчу. Тилекке каршы бийлик алмашкандан кийин У. Азыгалиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча жоопко тартылып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ушул жумада ал мамлекетке 30 млн. сом келтирген зыянды төлөп бергендиги кабарланды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 20 жылдан ашык мамкызматта иштеген Азыгалиевде декларацияга кирбеген, жакын туугандарына жана аны менен байланышы бар адамдарга катталган көптөгөн мүлк табылган.
Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Бишкек мэриясынын муниципалдык жерлерди курулуш компанияларына көп кабаттуу элиталуу турак жайлардын курулушуна берүү боюнча коррупциялык схемага аралашкан.
Мурдараак УКМК курулуш компаниялары менен биргеликте коррупцияга аралашып, мыйзамсыз байыган деген шек менен Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовду камаган болчу.
Көрсө, У. Азыгалиев Суракматовдун командасында иштеген учурда шаардын көйгөйлөрүн чечпей эле курулуш компанияларына жер сатуу менен шугулданып жүргөн турбайбы.
Мындай иштин натыйжасында У. Азыгалиевдин жакын туугандарына жана аны менен байланышкан адамдарга төмөнкү мүлктөр катталган:
- Бишкек жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси;
- 11 кеңсе жана 4 жашоого ылайыкталбаган орун жай;
- 11 батир;
- 10 унаа токтотуучу жай;
- Ысык-Көл облусунун аймагында 2 коттеж;
- кымбат баалуу 5 автоунаа.
Мындан тышкары, ведомство Азыгалиевдин жана анын жакын туугандарынын активдери «негиздүү кирешелери жок болуп туруп» кескин көбөйгөнүн аныктаган. Анын байлыгы 100 миллион сомдон ашык каражатка бааланган. Демек, 30 млн. сом эмес, жок дегенде 100 млн. сом төлөсө туура болмок.