Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи менен тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолукту. Анда элчи Ахмет Доганга нота тапшырылган. Ал түрк тараптан Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны кармоо операциясы жүргүзүлүп, ал Түркияга жеткирилгенине байланыштуу.

Кыргыз тарап мындай кадамдар негизги принциптер менен эл аралык укук нормаларын буза турганын белгилеген. Аны менен катар кыргыз тарап түрк тарапты Орхан Инандыны кайтарып берүүгө, ага карата күч колдонууга жол бербөө багытындагы бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны катары таанылганын билдирип, түрк тарап Кыргызстанга атайын операция тууралуу билдирбегенин айткан.

 

Регион ТВ