Печать
Категория: Коом
Просмотров: 208

Дүйнөдөгү Кыргызстандан башка түрк тилдүү республикалар иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү  маселесин гана эмес, латын арибине өтүүнү да алда качан чечип коюшкан. Орусташтыруу жагынан Борбордук Азияда биринчи орунда турган Казакстан да акырындап латын арибине өтүп баратат. Ал эми биз алиге чейин  мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иш кагаздарын толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүүнү, алардагы жыйындарды, отурумдарды такай мамлекеттик тилде өткөрүүнү чече албай келатабыз. Алсак, Мамлекеттик кадр кызматы, экономика, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги сыяктуу органдарда, Бишкектин көпчүлүк  мектептеринде жана мекемелеринде иш кагаздары жалаң орус тилинде жүргүзүлөт, отурумдардын, жыйындардын бардыгы орус тилинде өткөрүлөт. Ал эми аларда бирин-экиндеп эле башка улуттардын өкүлдөрү болбосо, эмгек жамааттарын түзгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү кыргыздар. Алардын арасында мамлекеттик тилге толук өтүүгө каршы тургандары да аз эмес. Эмне үчүн? Анткени, биринчиден, мекенчилдик сезимдин жетишпегендигинен болсо, экинчиден, мамлекеттик тилди тереңдетип үйрөнүп, өздөштүргөнгө жөн эле моюндары жар бербейт. Бул элементардуу ыкшоолуктан, жалкоолуктан десе да болот.

Эгемендүүлүктүн эң негизги атрибуту, бул - тил. Жарандарын өз эне тилинде, мамлекеттик тилде сүйлөтүү үчүн дүйнөдөгү Малайзия, Уэлс, Шотландия сыяктуу өлкөлөр эң катаал чараларды колдонушкандыгын тарыхтан жакшы билебиз. Маселен, Малайзияда, Уэлсте бир нече жылга чейин англис тилинде көрнөк-жарнактарды илгенге мыйзамдык негизде категориялуу түрдө тыюу салынган учурлар, ал талаптарды  бузгандардан эки жылга чейин эркинен ажыратылгандары да болгон. Азыр дүйнөнүн кайсыл өлкөсүнө иштегени же окуганы барба, биринчи кезекте мамлекеттик тилди билүү талабын коюшат. Өзбекстанда да мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштегендерге ошондой талап коюлат. Анткени, алар өз эгемендүүлүктөрүн сыйлашат, көздүн карегиндей сактагылары келишет,  аны менен сыймыктанышат. Биз, кыргыздар, башка этностордун өкүлдөрүн мындай кой, көз карандысыздыкка жетишкендигибизге 30 жыл болгондугуна карабастан бири-бирибизди  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн зарылдыгына ынандыра албай келатабыз. Бишкекте орус тилдүү мектептер жыл санап көбөйүүдө.Ал улуттун келечегине, коопсуздугуна байланышкан да маселе экендиги менен ишибиз жок.

Жакында Президент Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаевди кабыл алганда мамлекеттик тилди өнүктүрүү  маселеси талкуулангандыгы маалымдалды. Мамлекет башчысынын Улуттук комиссияга антип көңүл бургандыгы жакшы, бирок сөздөн ишке өтүп, улуттук тилибизди чындап өнүктүрүү үчүн административдик чаралар да көрүлбөсө, жакшы каалоо-тилектердин ишке ашпай тургандыгын өткөн отуз жылдык тажрыйба ырастады.

 

Sayasat.kg