Октябрга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард километрден ашпаса, кыргызстандыктар үчүн жарык, жылуулук чоң көйгөйгө айланганы турат.  Кышкы сезондо сарпталган суунун орду адатта жазгы жамгырлардын, эриген кар-мөңгүлөрдүн эсебинен толукталчу. Быйыл Борбордук Азияда кургакчылык болгондугуна байланыштуу  Өзбекстан, Казакстан сууну көбүрөөк коё берүүнү талап кылууда. Алардын талаптары менен 330 миллион кубометр суу коё берилгени маалымдалды. Сентябрга чейин кампадагы  дагы канча суу коё берилет, ал азырынча белгисиз. Күзгө чейин Токтогул суу сактагычынан пландан ашыкча сууну коё берүүнүн көлөмү 1 миллиард кубометрге жетүүсү мүмкүн болуп баратат. Кошуналар талап кылганда аз да болсо суу коё бербесе, алар бизди туш тараптан сыга башташат.1975-жылдын жайындагы кургакчылыкта Өзбекстандын талабы менен жаңыдан суу топтолуп жаткан Токтогул суу  сактагычынын тыгыны жардырылып, 2 миллиард кубометрге жакын суу агызылган. Азыр эгемендүү өлкөбүз, андай нерсенин болушу мүмкүн эмес, бирок кошуналардын кызыкчылыктары эске алынбаса, алар да биздин кызыкчылык менен эсептешпей коюшары чындык. Жай башталганда Казакстан өткөргүч бекеттеринде жүк ташуучу автоунааларга текшерүүлөрүн күчөтүп, кезек күткөн машиналарды кескин көбөйтүп, тымызын эскертүү берди.

Электр энергиялары менен камсыз кылуудагы  алыскы айыл кыштактардагы абалды айтпай эле коёлу, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда, Чүй облусунун көпчүлүк элдүү пункттарында кезектетип электр энергияларын өчүрүү адатка айланып баратат. Сокулук районунда жашоочу Наталья Логинова дегендин айтуусу боюнча, мурда бир күндө 2-3 сааттан  өчүрүлсө, азыр айрым айыл-кыштактарда электр энергиялары эртең мененки 9дан кечки 6га чейин өчүрүлүп жатыптыр. Бул боюнча интернетте нааразы болгондордун  арыз-даттары толуп жүрөт. Сыртта күн 40-45 градуска чейин ысып жатканда электр энергияларын өчүрүү - кыянаттыкка тете жорук экендиги шексиз. Муздаткычтардын ичиндегилердин баары эрип, ичиндеги азык-түлүктөр жараксыз болот. Кондиционерлер да иштебесе, кары-картаңдар, балдар өзгөчө кыйналышат. Эмне үчүн өчүрүлүп жатат?- дегендерге энергетика тармагында иштегендер:  линияларда, трансформаторлордо эч ким иштебесе деле, “ремонт иштери жүргүзүлүп жатат” деген дүжүр жоопту узатып коюшат. Электр энергиясы жоктугунан кары-картаңдардын, ар кандай дарттар менен ооруп жүргөндөрдүн, балдардын  ден соолуктарына зыян келтирилсе, ансыз деле кымбатчылык асман чапчып турганда жаш аялмет үй-бүлөлөрдүн муздаткычтарындагы азык-түлүктөрдүн  бардыгы бузулуп, жарабай калса алардын кенемтелерин ким ордуна келтирет? Эгерде демократиялуу өнүккөн өлкөлөрдүн биринде, электр энергиясы жоктугунан тургундардын ден соолуктарына зыян келтирилип, азык-түлүктөр жарабай калса, алар сот аркылуу эселентип өндүрүп алышмак. Энергетикалык компаниялар керектөөчүлөр  менен келишим түзүшсө, аны кандай учурда болбосун кыйшаюусуз аткарышат. Биздин “Энергосбыт” деген мекеме да  абоненттердин бардыгы менен келишим түзгөн, бирок жогоруда айтылгандай шылтоолор менен  ал дайыма өз келишимин үлгүлтүккө учурата берет. Керектөөчүлөр биригип, ал мекемени сотко беришсе да болот, бирок бизде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө укуктук түшүнүк өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу биздин түркөй соттор аны карабай коюушу да ыктымал.

2008-жылы ошол убактагы президент кыштан кыйналбай чыгуу үчүн тезек да болсо чогултуу зарыл деп койсо өздөрүн оппозициячыл, демократ дегендердин бардыгы  аны шылдыңдап жатып калышкан.  Андан 13 жыл өткөндөн кийин жер-жерлердеги тургундар керосин чырактарды сатып алууну талкуулашууда. Бул он бир  жылдан берки Кыргызстанды башкарып жаткан жетекчилердин өз милдеттерин жетиштүү аткара алышпай, саясый, моралдык жана психологиялык жактан толук банкротко учурагандыгынын гана далили.  

Sayasat.kg