"Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Периге
Урматтуу Пери,
Сиздин "Кумтөр" боюнча жазган катыңызды көп жылдан бери изилдөөчү катары терең изилдеп окуп көрдүм. Тилекке каршы, катыңыз адам ишенчүдөй эмес болуп жатат, билбейм сиз кимди ынандырам деген ой менен жаздыңыз. Бирок баягыдай көп жылдан бери бийликти сатып алып, алдоо жолуна болгон аракетиңизге окшойт. Маселен сиз экологиялык дүйнөлүк тенденцияга шилтеме кылып жатасыз. Туура дүйнөдө ошондой тенденция бар, ал да болсо адамзаттын таасиринен келип чыгып жатпайбы. Мунусун эмне танасыз. Эгер силер экологияны сактаганга аракет кылсаңар Давыдов, Лысый, Сартор мөңгүлөрү таптакыр жок болуп кетпейт эле да. Тескерерисинче, силердин тоготпогондон, эколог, НПОлордун канча жылдан берки аракеттерин четке кагып, коррупцияланган бийлиик менен гана иш кылып, ошолорду сатып алып, огобетер одоно бузгандан келип чыгып жатат.
Урматтуу Пери, дагы бир айтаарым, Канаданын мыйзам иштерин билем. Кудай жалгап Кыргызстанда да президент Жапаров келгенден бери иштей баштады. Ошого жараша сот 17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд" компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719млн 674 миң сом кенетме төлөөгө милдеттендирилген. Ал эми эмнегедир бул соттун чечимин катта келтирбейсиз, бул сиздин айткандарыңыз чын дилден чыкпаганын көрсөтүп жатат.
Рамазан Дырылдаев