- Артур агай, акыркы мезгилде Афганистандагы абалдан улам, талибдер Орто Азияга дагы коркунуч жаратат деген түрдүү маалыматтар айтыла баштады. Талибдер чын эле Кыргызстанга дагы кооптуу жагдай жаратып, Баткен окуясын эске салышы мүмкүнбү?

- Кыргызстанга талибдердин анчалык деле коркунучу жок. Анткени, алардын ички маселеси  талибдердин негизги максаты болуп эсептелет. Ошондуктан, алар Кыргызстан үчүн  кооптуу жагдай жаратат деп элди дүрбөткөндөн алысмын. Бирок, алардын айрым аракеттери Орто Азияда жайгашкан  мурдагы советтик мамлекеттин курамында  жашаган өлкөлөргө моралдык, психологиялык коркунучтарды потенциаладуу түрдө жаратышы  мүмкүн. Себеп дегенде Фергана өрөөнүнөн кеткен улан-кыздар  акыркы мезгилде ИГИЛ деген аталыштагы террордук уюмдун ишерине  жакынкы чыгышта катышкандары боюнча айрым  массалык маалымат каражаттарына  жарыяланды. Ошондой эле алардын Кыргызстанда уктап жаткан ячейкалары бар же жок экени  да укук коргоо органдарына белгисиз. Элдин жүрөгүнүн үшүн алган окуялар, Баткен окуясы кайталанбасын десек,  укук коргоо органдары бул маселеге  абдан кылдаттык менен мамиле кылып, тыкыр иликтеп, тийиштүү чараларды көрүшү керек.

- Террористтик уюмдардын баары Афганистанда жайгашканы үчүн бүгүн Орто Азияда алардан чоочулаган кооптуу жагдай жарала баштады десек болобу?

- Афганистандын түндүгүндө жайгашкан Кундуз провинциясы менен Тажикстандын түндүк аймагында чыны менен көптөгөн террористтик уюмдун мүчөлөрү жайгашкан. Ал жерде жайгашкан өзгөчө "Алькаида" мурдагы Түркстан ислам кыймылы, Өзбекстан ислам кыймылы деген чоң эл аралык террористтик уюмдар акыркы мезгилде эл аралык деңгээлге чыгып, ирикта, сириядагы согушка катышып, кайра өздөрүнүн базасына  кайтып келишкени  массалык маалымат каражаттарында бир канча ирет  жарыяланды.   Ошондой эле  Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандан, Өзбекстандан  жаш кыз-келиндерди алдап азгырып, аларга жаңы исламчыл даярдыктарды үйрөтө баштаганы да бүгүнкү күндө коомчулукту санаарката баштады. 

- Кыргызстан чек арасынан кирип, элибиздин тынчын ала турган болсо, аларга жооп бергенге күчүбүз жетеби?

- Кыргызстандагы жарандар, армиябыз, чек араны басып кирип, чек арада кооптуу маселе жаратабыз дегендер болсо, аларга катуу жооп бергенге күчүбүз дагы, шартыбыз дагы толугу менен жетиштүү. Ошон үчүн ар кайсы маалыматты угуп, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.