Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мамлекетке  келтирген зыянды толуктады. Ал мыйзамсыз баюу беренеси боюнча айыпталган жана келтирген зыяны 30 млн сомго бааланган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз баюу ишинин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген, жакын туугандарына катталып жана алар декларацияда көрсөтүлбөгөн ири өлчөмдөгү мүлкү бар Уланбек Азыгалиев тууралуу маалыматтар чогултулду.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.