Печать
Категория: Коом
Просмотров: 589

"Биздин мамлекетти агрардык өлкө", деп мактанганыбызга алган багытыбыз канчалык деңгээлде жооп берээрине  Жогорку Кеңештин  депутаты Бейшеналы Нурдинов “Парламент” радиосунда берген маегинде ой толгоду.

Депутаттын айтымында, эл арасында карышкыр атып алгандарга 6 миң, чөөнү жок кылгандарга 2 миң сом сый акы берилчү. Азыр ушул сумманы жогорулатуу талабы коюлууда. Карышкыр аткандарга 10 миң, ал эми чөөндөн куткаргандарга 5-6 миң болсун, - деп сунушталууда.

"Аркар, кулжалар көбөйгөндө, карышкырлар да капталдан чыгып, катарын көбөйтүүдө. Эгер жаратылыштагы жапайы жаныбарларды сактайлы, - десек тартипти тең орнотуу зарыл. Мисалы, аркар, кулжа атып алгандарга салына турган айып бери жагы 10 миң доллар. Ал эми аларга кол салган жырткычтарды атып алганың үчүн сый акы болуп – болбогон акча. Ошондуктан, айбаттуу жаныбарлардын жайыттарга жай баракат кирип келишине каршы турган мергенчилердин мээнетин адилет баалоо керек", - деди депутат.

“Бул боюнча тиешелүү токтом даярдалды. Эми ага ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө 5 миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом төлөнөт. Ал эми алардын териси баалуу, эти шыпаа болгондуктан, алар ошол мергенчинин менчигинде кала берет”, - деп маалымдады.