Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кытайдан 1 млн 200 миң Синофарм вакцинасы Кыргызстанга качан алынып келээри белгисиз экенин жарыялады. 

Аталган министрликтин басма сөз кызматы азырынча мындай маалымат жоктугун жана вакцина качан келээри белгисиздигин билдиришкен. 

Эске салсак, айрым маалымат каражаттарында Синофарм вакцинасы 10-июлга чейин Кытайдан 1 млн 200 миң доза өлчөмүндө келээрин жазып чыгышкан болчу.