Назира Айтбекованын "жөн эле ойлорунан":
“Ийгиликтин сыры - кыймыл” деди эле бир маек алып жаткан каарманым. Ал абдан ийгиликтүү адам. Адам дайым кыймыл - аракет жасап, чуркап, эмгектенип турганда гана анын жыйынтыгы жетишкендик болот экен! “Кыймыл - энергия” деп түшүндүрдү. Агып турган суу дайым таза болгон сыңары, энергия да агып турганы жакшы дейт.
Жараткан ден соолук берип, алты саныбыз аманда кыймылдап гана туруп, иштеп , иштен чарчап келгенден өтөөр бакыт жок билгенге! Жумуштан бут тарта албай келгенде ошол мүмкүнчүлүк үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр кылып, ыраазы болгонду унутпайлы!
Бир жылдары аябай баш көтөрбөй иштеп атып, “Чарчадым. Эс алыш керек эле. Карап тур, аябай эс албасам “ дегем. Көп өтпөй, оозума салып берди. Эки жыл көмкөрөмөн үйдө жаттым! Ошондо “Эми карап тур ушул сөздү экинчи айтсам элеби!” дегем. Бекерчиликтен чарчагандан көрө иштен чарчаган миң эсе жыргал экенин Кудай сездирди. Азыр иштеген сайын Кудуреттүүгө бой ийип, рахмат айтып калдым.
Анан өзүмдү абдан мактайм! “Назира, укмуш кызсың! Бүгүн сонун иштерди бүтүрдүң!” дейм. Кубаттайм, өзүмө белек алып берем, же таттуу тамак жейм .
А баса, күн соңунда кечирим да сурайм.
Өзүңдү миң периште ойлосоң деле пенделик кылып , ката кетире берет экенсиң! Бүгүн көп катамды таап чыктым. Ал ката оюм менен жасалат. Текеберленет экенмин көп. Анан башкаларды оюмда айыптап да коет турбайынбы. Уялып калдым кылыгыман!
Жараткан, кечирим сурайм. Өйдө сезип өзүмдү, башкалардын катасына мурун чүйрүдүм.
Башкаларды катасы, алсыздыгы, жаңылыштыгы менен кабыл алганды үйрөнө албай жатам... бирок, сөзсүз үйрөнөм! Аракет кылам. Назира экен. Качандыр биз да ошол каталар мн басканбыз..."