Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окурмандардын бири билдирди.

Анын айтымында, эртең менен ал Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине ПЧР-тест тапшыруу үчүн барган.

“Мен ал жерге эртең мененки саат 9да бардым. Менин алдымда 350 киши кезекте туруптур”, - деди ал. Ошондой эле ал эки-үч күн мурда тууганы менен AquaLab жеке менчик лабораторияга баргандыгын, ал жерде дагы ушундай эле көрүнүш болгонун кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутканын ичинде 6 миң 356 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, акыркы жумада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өстү.


Кабар