Эске салсак, 28-июнда Абжалиев кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан тараптан дароо УКМКнын кызматкерлери колго түшүрүп, тергөө кызматына алып келгени белгилүү болгон.

Мыйзамсыз байыган деп шектелип жаткан Алиярбек Абжалиев парламенттин отурумуна келди
Маалымат берген булактын билдирүүсү боюнча, ал 20 млн сом төлөдү. Жалпы зыян келтирүүнүн суммасы 50 млн сом деп бааланууда. Бул жөнүндө расмий маалымат жок.

Андан мурун УКМКнын АККси депутаттын мыйзамсыз баюу фактысын аныктаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, расмий айлыгына дал келишпеген активдерди сатып алган. Айыптоо коюлгандан мурун Абжалиев Бишкек - Стамбул маршруту менен кетип, Кыргызстанга келе элек болчу.
 

URL: https://kaktus.kg/2400