Печать
Категория: Коом
Просмотров: 366

- Жаңы шайланган муфтий салттуу дин менен иш алып барам дегенин колдоого алсак болобу?

- Албетте, мурдагы муфтийлер кыргыз салтын приоритеттүү катары кароону чанып келишкен. Натыйжада биздин турмуштук же билимдик деңгээлдери тайкы болгон жаштарыбыздын баштары маң болуп, кыргыз элинин тарыхый жашоо образдарына жана укладдарына   деле ишенип-ишенбей келишти. Бул чоң трагедия! Мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине шек жараткан  иштер болуп кетти. Жаңы муфтий эми кыргыз деген этностун диний саясатын оңдоого кам ургандай. Эми аны байыркы фараон Эхнатондун тагдырына тушуктурбай патриот кыргыздар катуу колдоп туралы! Кыргыздын кылымдарды карытып келе жаткан каада-салты менен үрп-адаттары исламдын чыныгы баалуулуктары менен эң эле сонун жуурулушуп кете алышат. 500 жылдан ашуун эле ошол Ханафий мазхабы эң сонун орун алып келген. Реакциячыл радикалдардын жүзүн ары кылсын, Жараткан өзү демекчимин! Бирок, эң башкысы билимдүү бололу! Дүйнөлүк жаңы илимий-техникалык процесстерден кем калбайлы, жакшылар!