"Быйыл суу бүт жерде тартыш экен. Пандемия күчөдү, бирок эң негизгиси паникага алдырбайлы, кризис да өтө катуу күч алды, кымбатчылык орун алды, түштүктө Талибандар да күч алды. Абдан кыйын, абдан татаал жашоо башталды окшойт. Азыр саясаттын маалы эмес. Күч биримдикте. Азыркы мезгилде көрүп жатабыз, көп белгилүү саясатчылар камака алынды, кусканы кусуп жатат. Бирден бир элдин талабы ушул эле.
Мени жоготпогула, мен эл менен эле жүрөм. Иштесем "Сыймыкка иш эле керек" дешти, облпрокурордун жумушун өткөрүп берсем, "эмне кетип калдың" дешет, эс алып токойдо жүрсөм "акча жеп алды" деп эле жаза беришет экен. Эми силер деле токойго баргыла...
Биз Кыргыз эли качан оңолобуз? Биз көралбастыкты, ичи тардыкты таштаганда оңолобуз. Биз добушту сатканды токтотсок оңолобуз, биз өзүбүздү өзүбүз мактаганды токтотолук ( даанышман Эл, байыркы Эл, укмуш элбиз) дей бербей... Самокритика болуш керек. Биз баатыр эл экенбиз. 5 –октябрьда көрдүк. Бири бирибизге негатив жазганды токтотолук.
Билимге, характерге жана акылга мээнет кылалык. Жашоо шарт кыйын болгон үчүн баарыбыз политик болуп калдык. Сабыр кылып , Садыр Нуркожоевичтин капталынан чыкпай, ага жолтоо болбой, ар бирибиз өзүбүздү оңдойлук. Дүйнө жүзүн кургакчылык басты, продукты аз, түшүүм 30% болуп калды.
Баарынарга аманчылык, эсенчилик болсун, пандемиядан бир өтөлү кутулалык, мамлекет өркүндөп өскөн маалды биз көрөлүк", - деп жазды Сыймык Жапыкеев соцтармактагы баракчасына.