"Жомокторго ишенбей  вакцина алганыбыз эң туура чечим. Алгандан кийин вирус жукпайт деген туура эмес түшүнүк. Кыргызча айтканда, кокус вирус жукса аны менен күрөшүп жок кылат. Ошол маалда бир аз алсырашың мүмкүн. Себеби денеңде вирус менен вакцина рингде мушташып аткан болот.  Вакцина сөзсүз жеңип, оорудан жеңил өтөсүң. Эгер вакцина албаган болсоң, вирус жукса өлүп калыш бат эле экенине баарыбыз күбө болдук. Окумуштуулар кеңири колдонулуп жаткан вакциналардан олуттуу коркунуч табышкан жок. Кудайдын айтканын көрдүк деген тар түшүнүктөн алыс болгонубуз дурус. Кудай ойлон, изден, сактан деп акыл-эс берген. Бардык дене мүчөлөрүбүз аманат. Аларды сактаганга милдеттүүбүз.

Тишиң сыздатып чыдатпай оорутса, Кудайдын айтканын көрдүм деп жатпайсың, урган бойдон тиш дарыгерге барасың. Ажалым жетсе өлөм да деген адамга, ажалың жетсе өлөсүң же аман каласың деп алдына уу берсең ичпейт. Андайда акылды иштетет. Ковидке келгенде деле акылды иштетип койсок жакшы го дейм. Жол кырсыгынан күндө дүйнөдө миңдеген адамдар көз жумат. Кокуй деп эч ким машина айдабай койгон жок. Тамекиден күндө бир жарым миллиондон ашык адам тиги дүйнөгө кете берет экен. Болбой эле өпкөнү уулап жашап жатышат. Вакцинадан болсо ушул кезге чейин аз эле адам өлүптүр. Аны дагы изилдегенде башка оорулары себептүү. Мисал катары айтайын, азыр мен жүргөн Америкада 156 миллион адам вакцина алды. Жаш балдарды кошпогондо 80 пайыз дегенди билдирет.
Биричилерден болуп бардык дарыгерлер, аскер кызматкерлер вакцина алышты. Өзүнүн элинин баарын кырып койоюн деген жок да.
Толук алгандарга бет кап кийбей койсоңор болот деп уруксат берүүдө. Бизде дагы кемпирдей болуп уу коргошунду жарнама кылбай, туура, түшүнүктүү, жалпак тил менен элге маалымат берип, вакцина алганга үндөсө,  баары түшүнүп, жаман ооруну тезирээк жеңет элек деп ойлойм. Мекениме жүрөгүм ооруйт. Болгону бул кеңешимдин пайдасы тийип, эч  ким оорубасынчы деген эле тилегим.

Эң негизгиси Кудайым колдоп сыноолорду жеңип баарыбыз бактылуу жашайбыз деген үмүтүбүз өчпөсүн", - деп жазды төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр соцтармактагы баракчасына.