Печать
Категория: Коом
Просмотров: 199

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кесиптеши Айбек Осмонов экөө Түркиянын "Жылдын алтын адамы" сыйлыгына ээ болушканын жарыялашты. Ал түшүндүргөндөй, "Жибек Жолунун алтын адамдарынын" 17-салтанатында "Жылдын депутаты" наамын алышкан. 

Буга жооп иретинде депутат Дастан Бекешев төмөнкүдөй пикирин ортого салды: 

"Адамдар статус сатып алышып, эми өздөрүн чындап эле "Алтын адамдар" сезе башташты. Мага 10 миң доллар беришсе, мен аларга мындан да жакшы наам жасап бермекмин.

Чындыгында, бул өтө эле төмөндүк. Жогорку Кеңешке наам, медаль, грамота, макам үчүн чуркагандар көп. Президентке орден бериңиз, наам бериңиз деген өтүнүч менен кат жолдошот.

Ошондуктан, эгер сиз апаңыздын мээримин жеткиликтүү ала албай калган болсоңуз жана өзүңүздү кем сезсеңиз, өзүңүздү баалооңуз ылдый болсо, мага кайрылыңыз, мен кайсы бир наамды жазып берем".