Эгерде дарыгерлерге компенсацияга акча жок болсо, анда алар үчүн турак -жай курууга жер бөлүп берүүкерек. Мындай сунушту Жогорку Кенештин депутаты Чынгыз Макешов жолдоду.
Айтымында, компенсация кенже медкызматкерлерге берилбейт, бирок алар дагы оорулуулар менен аралашып жүрөт, жыйынтыгында илдет жуктуруп алган учурлар аз эмес.
«Эгерде биз аларга компенсация бере албасак, анда аларга дарыгерлер үчүн шаарча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп беришибиз керек. Дарыгерлер өздөрүнүн профсоюзун түзүп, турак-жайга муктаж адамдардын тизмесин түзүшүп жатыптыр. Аларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн 7-8 гектар жер керек. Эгерде биз азыр аларга кам көрбөсөк, анда биз ооруп калсак, бизге да эч ким кам көрбөйт. Жер бөлүп берүү үчүн көп деле акча талап кылынбайт, болгону жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө документке кол коюу керек», - деди депутат.