Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ковидке каршы вакцина тукумсуздукка алып келиши мүмкүндүгүн жарыялады. Ал бул тууралуу 7-каналга берген маегинде айткан. 

"Вакцина жаңы препарат. Муну эч ким билбейт, тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби. Балким, бул тукумсуздукту көбөйтө турган болуп калат", - деген министр. 

Ошондой эле, ал эмделгенден кийин ооруп калуусунун себебин түшүндүргөн: 

"Менин ооруп калганым жакшы түшүнүк болду. Себеби, бир дагы вакцина ковидден 100 пайыз сактай албайт. Биз алып жаткан вакциналардын 70 пайыз натыйжалуулугу бар, "Спутниктин" 95 пайыз. Бул деген 100 киши эмделсе, анын 70инде антитело пайда болуп, 30унда пайда болбойт деген сөз. Мен ошол 30уна кирип калдым. Экинчиден, эгер мен эмделбегенимде 14 күн ооруп жатмакмын, андан кийин ковидден кийинки синдром болуп, алсыздыктык, жөтөл кыйнамак. Вакцина алганда ооруну жеңил көтөрүшөт."