«Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарылыгы боюнча Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев түшүндүрмө берип, ал президенттик сайтта жарыяланды.
Касымалиевдин билдирүүсүндө, мамлекеттик аппаратты кыскартуу менен үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатууга керектелет.
Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30% же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд. сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, эмгек кодексине ылайык, кыскартылган кызматкерлерге үч айлык эмгек акысын төлөп берүү зарыл.
Ошондой эле, анда 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы 30 743, 2020-жылы 34 860ка жеткени белгиленген.