- Өмүрзак Жолдошович, "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасына кастинг өткөнү жар салынды. Башкы ролдорду кимдер аткарышмакчы? Жалаң кесипкөй актёр, актрисаларбы?
- Ооба, башкы ролдорду жалаң кесипкөй, таланттуу артисттер ойношот. Марат Алышпаев, Темирлан Сманбеков, Калипа Сейдалиева, Альбина Имашева, Аскат Сулайманов, Эшенкул Барпиев, Азиз Мурадиллаев, Нурлан Салидинов...
- Режиссёру ким болот?
- Актерлор менен иштешүүнү кыргыз драма театрында бир канча жылдан бери “Манастын уулу Семетейди” коюп келаткан режиссёр Эгемберди Бекболиев, эл аралык кино стандартка ылайыктоо жагын Казакстандан келчү режиссёр Дархан Кожахан уюштурмакчы. Орустун белгилүү актёр жана режиссёру Александр Панкратов-Чёрныйды көркөм жетекчиликке чакырдык. Буларга кошо Түркия, Кытай, Франциянын киночулары кошо продюсерлик ишти алып барышат.
- Ошондо эл аралык долбоор болот экен да?
- Кыргызстан, Казакстан, Россия, Турция, Кытай, Франция - 6 мамлекеттин киночулары биргелешип тартуучу эл аралык ири долбоор болмокчу, Кудай буйруса.
- Хронометражы - убактысы канчалык?
- А дегенде эки жарым сааттык кинофильм вариантын көптөгөн өлкөлөрдүн кино театрларына коюп алсак, андан кийин 10 сериялуу вариантын эл аралык телеканалдарга сунуштамакчыбыз, бул тууралуу эмитен эле чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен макулдашып атабыз.
- Фильмдин бюджети канча?
- Тактап атабыз. А дегенде бир миллиондон баштамакчы элек, буйруса, чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз да ири кошумча жасашмакчы.
- Кыргызстандан каражатты мамлекет көтөрөбү?
- Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун колдоосу менен бизнесмендер 300 миң долларлык спонсорлук жана өнөктөштүк кызмат көрсөтүшмөкчү. Өнөктөштүк дегенибиз - кошкон каражатын кийин тасманы кинотеатрларга коюудан түшкөн каражаттан кайтарышмакчы.
- Кыргызстан үчүн өтө маанилүү идеологиялык бул эл аралык долбоор качан ишке ашат - тасма көрүүчүлөргө качан тартууланмакчы?
- Буйруса болжолу быйыл октябрдын аягында.
- Мындай ири долбоорлор жылдап тартылчу эле го?
- Кинонун талабы боюнча күнүгө 3-5 мүнөттүк эпизоддор тартылат. Демек, 40 күндө 3 сааттык кино тартылат. Монтаж, бир нече тилде үн коштоого дагы 40 күн. Дагы бир айды кошолу.
- Кыргызстанда эле тартылабы?
- Таласта “Манас” ордодо, Бухарада, Алтайда...
- Кыргыз эли сиздерге, чыгармачыл топко ийгилик каалайт жана "Манастын уулу Семетей" эл аралык кино долбоорду чыдамсыздык менен күтөт!
- Чоң ырахмат!
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити