Алдыдагы кыштын кандай болуп, кардын кандай жаап, сууктун температурасы канчага жетерин албетте, азырынча айтыш кыйын. Бирок электр энергия жаатындагы абал оор болору эмитен айтыла баштады. 2 млрд. доллардан ашык карызы бар энергетика системасы банкроттук абалга кептелди.
Тармакты абалдан чыгаруу үчүн ѳкмѳт электр жарыгына бааларды жогорулатууну пландоодо. Бул ансыз да кыйналып турган элди андан бетер кыйнап, кѳпчүлүктүн нааразычылыгын жаратпай койбойт. Маселе электр тарифинин кымбаттоосунда эле болсо мейли эле го…
Тилекке каршы, кышында үзгүлтүксүз электр энергиясынын болору күмѳн болууда. Анткени, жайдын кургакчыл болуп, жаандын аз жаап жатканынан улам Токтогул суу сактагычында суунун кѳлѳмү аз. Суунун аздыгы кышында электр энергияны жылма ѳчүрүүгѳ аргасыз кылышы толук мүмкүн болуп турат. Миңдеген жарандардын электр энергиясы менен үйлѳрүн жылытарын эске алсак, канчалаган үй-бүлѳлѳр кыштын суугунда кантишет? Үйлѳрүн отун, газ менен жылытууга бардыгынын эле мүмкүнчүлүктѳрү жок.
Демек, ѳкмѳт азыртан чечимдерди кабыл алып, кыштан үшүбѳй, тоңбой чыгуунун альтернативдүү чараларын кѳрбѳсѳ, быйылкы кыш түмѳн түйшүктѳрдү жаратары ыктымал. Ѳкмѳт электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кыла албай турган болсо, жок дегенде кѳмүр, отундарга болгон бааларды арзандатып, кѳпчүлүккѳ жеткиликтүү кылуунун араккеттерин кѳрүшү зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити