Акыркы кезде президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовго карата сын пикирлер көп айтылып жатат. Октябрь төңкөрүшү болуп, башаламандыктар токтой элек оор учурда бул кызматка келген Касмамбетовдун иши тууралуу кандай пикирдесиз? Ал өз вазийпасын кандай аткарып жатат? Биз бул суроолорду белгилүү инсандарга узатып көрдүк.
Эсенгул Исаков, экс-депутат: Ишти өтө так жоопкерчилик менен аткарганына депутаттар ыраазы болушчу
- Негизи жетекчилик кызмат кайсыл тепкичтен болбосун өтө жоопкерчиликтүү, ошону менен бирге сынга көп учурайт. Бул жашоо ченемдик көрүнүш, көпчүлүктө бирөөгө жаксаң бирөөгө жакпайсың. Жогоруда белгилегендей канчалык бийлик бутагынын тепкичи жогору болгон сайын жоопкерчилигиң менен кошо укугуң кеңейет эмеспи. Ошондуктан, бири кызматка кой деп чуркайт, бири жардам сурайт жана башка ушул сыяктуу маселелер менен өтө көп адамдар кайрылат.
Ал эми Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичти мен он жылдан ашыгыраак убакыт тааныгандыктан айтаар элем: ал өз ишине өтө жоопкерчиликтүү жана ишти так аткарган инсан. Адамга мамилени кылдаттык менен түзөт.
Жогорку Кеңештин аппаратынын бүт иш кыймылын уюштуруу жагы да ушу кишинин мойнунда болчу. Ишти өтө так жоопкерчилик менен аткарганына депутаттар ыраазы болушчу. Себеби, мыйзамды баарынан жогору койчу.
С.С. Касмамбетов Президенттин Администрациясын башкарууну оор учурда кабыл алып, ушул күнгө чейин кыйынчылыктарга жана ички тышкы тоскоолдуктарга туруштук берип иштеп келатат. Тажырыйбасы мол, кесипкөй болгон үчүн акаарат айткандарга жооп кайтарбастан, президенттин саясатын аткарып келүүдө. Жаңы Конституциябыз кабыл алынып, көптөгөн мыйзамдар олуттуу өзгөрүү, толуктоолор менен менен кабыл алынууда. Жаңы баш мыйзамга ылайык конституциялык мыйзамдар кабыл алынгандан баштап Президенттин Администрациясы жана Аткаруу бийлиги да толук кандуу ишке киришип, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин мойнуна алышат. Демек жыл аягында ишмердүүлүгүнө бир көз караш менен баа берсек болот деп ойлойм.
Бакыт Бакетаев: Сүйүнбек Касмамбетов "человек-компьютер"

- Президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов "человек-компьютер", кандай программаны президент айтса ошону так аткарат, сын пикирлерлерди кабыл алат, коррупциядан алыс, чыгармачыл инсан. Жаш кезинде бейбаш болчу, азыр деле түтүнү чыгып кетиши ыктымал. Ал өз вазийпасын так аткарбаса президент аябайт.
Сонунбүбү Кадырова: Улуу манасчынын уулу багытына түшө албай турган учурга табылгыс кадр болуп бере алды

- Жыйырма бир. Бул - жыйырма эмес. Төлгөлөрдүн төп келиши. Сырдуу дүйнө өз бийлигин жүргүзүп, жөн жерден эле Улуу ачылыштар ачылып, болбойт деген нерселер болуп кетип жатат. Жыйырманчы кылымдагыдай жалган жылмаюу, жалган билимдүү болуп көрүнүү, жалган атак-даңк жыйноо жукпайт. Адам кандай болсо ошондой жүз менен жөн гана жашоо. Жөн жашоодо чоң иш бар экен да көрсө. Ал эми жөн жашоонун үлгүсү кыргыздын Улуу касиети даарыган МАНАСЧЫЛЫК өнөрдө жатыптыр. Манас - жогорку аң-сезим. Бул - кыргызга гана таандык кайталангыс шыбага. Мына ушундай шыбаганын ээси МАНАС ааламына жолугуп, аларды аралашып жүргөндөй элге баяндап берген инсандар жөн адамдар эмес. Алар - Жараткан тарабынан Жер-Ааламга келген элчилер, адамдын адамдыгын даңазалап турган эки дүйнө ортомчулары. Айтканы айткандай ишке ашкан, берген батасы жакшылыкка жалгап, тагдарларды оң жакка буруп турган, ооруганга эм болгон улуу сөз кудуретин алып жүрүүчүлөр. Ошолордун ичинде сакадай бою сары алтын Сүйүнбек Касмамбетов. Кичинекей боюна океандай МАНАСТЫ батырып, дүйнөнүн булуң - бурчуна даңазалап, уккан элдин оозун ачырган. Сөздү орду менен сүйлөп, орду менен жашап өткөн Сапарбек манасчынын уулу Сүйүнбек Касмамбетов жаңы бийликтин админстрациясын башкарат экен деген кабарды укканымда ичимден ыраазы болуп, Жапаровдун улуттук наркты сыйлаганы деп түшүнгөм. Кантсе да "аккан арыктан суу агат" дегендей Улуу манасчынын уулу мунуртан бийликтин ийне - жибин өздөштүрүп калган инсан катары уйгу-туйгу болуп, багытына түшө албай турган учурга өтө табылгыс кадр болуп бере алды. Билип-билбей айрым сыртынан тон быча койчу кыргызымдын кенебес мүнөзү бул дайындоону да жеңил-желпи кабыл алды. Оңойдой көрдү. Өздөрүн Жапаровдун ордуна коюп көрө алышпады. Ошол кан күйгөн, кыл чайнашкан учурларды өзүн ишеничтүү алып жүрүп, өтө талылуу жерлерге керектүү кадрларды таба алган Садыр Нургожоевичке ыраазы болушубуз гана керек. Анча-мынча адам болсо атын таппай калмак. Эми бир аз эс алган сыяктуу болуп, бирок азыр деле санаасы тынчый элек эл уулун мынча тытмаладык туугандар! Биз тескерисинче күнү - түнү жанында болуп, орун колдон, жеңилин жерден алып чуркап жүргөн администрация жетекчисине ыраазы бололу. Эгер жакшы сөз айта албасак унчукпай отуруп туралы. Иштин жыйынтыгы көрүнө элек. Жаңы бийлик, Жаңы жол, Жаңы система келе жатат. Ал өзүнөн өзү эле түзүлүп, өзүнөн өзү эле жыргал жашоо келе калбайт. Аны элине чындап күйгөн гана элдик азаматтар алып келет. Биз - аларга мүмкүнчүлүк берип колдоп туралы. Жеке кызыкчылыктан жогору бололу.
Ташболот Балтабаев, экс-депутат: Мен Сүйүнбек Касмамбетовдун позициясын президенттин иши деп түшүнөм

- Сүйүнбек Касмамбетов жөнүндө адам катары жакшы пикирдемин. 2000-жылдан бери билем. Администрация жетекчиси катары кандай милдеттер жүктөлгөнүн, кандай ыйгарым укуктары бар экенин билбейм. Ошондой эле, президенттин администрациясынын жетекчиси катары милдетин кандай аткарып жатканын да билбейм. Бул биринчиси. Экинчиси, Сүйүнбек Касмамбетов бүгүнкү бийлик сересинде жооптуу кызматты аркалап жатат. Тагыраагы, ал аткаруучу органдын жетекчиси. Ошондуктан, ал толук бойдон президентке көз каранды. Мен Сүйүнбек Касмамбетовдун позициясын президенттин иши деп түшүнөм. Кыскасы, президенттин көрсөтмөсүн аткара турган киши. Эгер анын иши президентке жакпаса президент кызматтан жөн эле бошотуп коёт.