"Бир күндө 1965 адам коронавирус ооруга ээ болушту. Абдан өкүнүчтүү, бирок бул көрсөткүч  толук эмес. Канча жаштарыбыз текшерилбей, жөтөлүп жүрүшөт. Суук тийди деп... 

Мен балдарыбызга, кыздарыбызга, жалпы жаштарга кайрылмакчымын -  САК болгула!!!

Силер айыгасыңар, жаш организм ал балакет менен күрөшө алат, бирок аталарыңар, энелериңер, чоң ата, чоң энелериңер  коронавирусту оор көтөрүшөт. Алардын өмүрү узак болсун десеңер,  бактылуу жашасын десеңер, - толук профилактика аракеттерди жасагыла. Талаптар анча деле  кыйын эмес - бет кап тагынуу, эл жыйналган жерден алыс болуп, жеке гигиенанын шарттарын сактоо...
Башымдан өткөн бул оруу, - ишенип койгула -  оңой менен кетпейт экен, бир топ убакыт өзүңө келе албайсың...

Өтүнөмүн, суранамын, талап кыламын - САКТАНГЫЛА БАЛДАРЫМ...", - деп жазды Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.