Союз урагандан кийин, Манасбек Талантович алектенип баштаган ишти көргөндөрдүн көпчүлүгү муну акылсыздык катары сыпаттап, “өлкөдө ачарчылык башталып, баарысы талкаланып жатса, а сен башка иш таппай калдыңбы?”,- деп жатышты.
А бирок, ондогон жылдар өткөндөн кийин, ачыгын айтканда баары суктаныша баштады -дээрлик жер жүзүн кыдырып, дүйнөлүк саясий элитанын жана аристократиянын өкүлдөрү менен мамиле курууга жетишти.
Султанов алтын казбайт, заманбап технологияларды деле өздөштүрбөдү. Тескерисинче, анын жашоосундагы максаты - кыргыздын нукура улуттук баалуулуктарын калыбына келтирүү эле.
“Мына, сен көп байлык жыйнадың дейли, анан? Эмне пайдасы бар? Мен деген кыргызмын да, ар бир кыргыз Кыргызстан үчүн кандайдыр бир пайдалуу нерсе жасашы керек. Жеке мен, колумдан келген нерсени жасап жатам, эч кур дегенде артымда бир өрнөктүү иш калсын. Жөн эле жашай бергендин неси кызык?”- дейт, чын ыкластан Манасбек Талантович. Албетте, ага шексиз ишенесиң.
КҮЧТҮҮ ЖАНА ЧЫДАМКАЙЛАР!
Карабайыр тукумундагы байыркы орто-азиялык жылкынын келип чыгышы туурасында бир нече божомолдор бар - түркмөндөр жана өзбектер аны өзүнүкү деп эсептешсе, казактар - өздөрүнүкү деп эсептешет. Ал эми кыргыздар болсо, байыртадан эле бул асыл тукум бизге гана таандык деген ишенимде.
Чындык, албетте, орто ченде болуш керек. 2500 жылдан ашуун тарыхы бар жылкынын бул түрү жалпы Фергана өрөөнүндө багып көбөйтүлүп келген.
Ошондуктан, Манасбек Талантович бул тукумду калыбына келтирүү менен кайсы тарап алектенсе боло берет деген орток пикирде.
“Кыргыз аргымагы, карабайырдын кандай артыкчылыктары бар - бул аттын жортуулдарга жарактуулугу. Божомолдордун бирине ылайык, араб күлүгү да дал ушул карабайырдан чыккан. Ал аттарды “Фергананын асман аргымактары” деп аташкан жана карабайырларды соодагерлер жана жоокерлер өрөөндөн сатып алып кетишчү. Андан кийин гана, арабдар ал тукумду асылдаштырып, өздөрүнө керектүү сапаттарын күчөтүп алышкан”,- деп баяндайт Султанов.
Ал азыр ушул тукумду калыбына келтирүү менен алек.
“Өзбекстан президенти карабайырларды көбөйтүү туурасында указ чыгарып, жылкы заводун куруп, олуттуу деңгээлдеги иш-аракеттер жүрүп жатат. Бизде да, өлкө башчыларбыз тараптан ошондой колдоо болсо кана эми. Эч кур дегенде, оозеки түрдө деле айтып койсо, эл колдоп кетмек. Кеп, бул тукумдун асылдыгында эле эмес да, кеп бул тукум кыргыз элинин колунан жаралган баалуулук. А улуттук баалуулуктарыбыз, дайыма приоритетүү болушу шарт”,- деди ишенимдүү түрдө маектешибиз.
“Негизи, карабайыр тукумунун башынын санын калыбына келтирүү үчүн, орто эсеп менен 10 жылдай убакыт талап кылынат”,- деп эсептейт Султанов. Асыл тукум туурасында китепче ачып, түрдүү көргөзмөлөрдү уюштуруп, бул брендди бүт дүйнөгө таанытууга аракеттенишибиз керек.
Бул жылкы, спорт үчүн табылгыс универсалдык аргымак – көк бөрү үчүн эле эмес, олимпиадалык түрлөрүнө да төп келип, бул тукумдун экспорттук потенциалы зор экендигинен кабар берет. Жылкыны эт катары сатуу бир маселе, ал эми ар бир аргымакты жүз миңдеген долларга сатуу деген таптакыр башка нерсе да.
Улуттук асыл тукумду кайра калыбына келтирүү экономикабыздын өсүшүнө түздөн-түз таасир берет. Карабайыр тукумун калыптандырууга керек болсо арабдарды да тартсак болот. Анткени, өздөрүнүн асыл тукум жылкысынын ата-теги кайдан келип чыкканы аларга өтө кызык болушу керек.
Бизде, Таласта жана түштүк тарапта сонун айгырлар бар. Биз аларды акысыз эле Нарынга, Ысык-Көлгө жана республикабыздын башка аймактарына таратып бердик. Негизги шарт – бул айгырлар коомдук болуп эсептелет жана кимге керек болсо колдонууга уруксат. Эң маанилүүсү – алар үчүн эң жакшы карабайыр бээлер болушу абзел. Асыл тукум мына ушинтип калыбына келтирилет”, - деп түшүндүрдү, Манасбек Талантович.
Султановдун ишениминде, бул тукумдун калыбына келишинен жана бренд катары таанылуусунан Кыргызстан утушка гана ээ болот:
“Туура жолго койсок, карабайырдын баасы өтө жогору болот. Баш санын көбөйтүү үчүн керектүү инфраструктура да өсөт. Албетте, ат спортунун да экономикалык плюстары көбөйөт. Карабайырларды көбөйтүп, сырткы базарга экспорттоонун өзү деле өлкөбүздүн олуттуу экономикалык блокторунун бири болуп калаары шексиз. Башкысы, аталган процесстерди ашкере бюрократташтырбастан, эркин түрдө жүргүзүү керек”, - деген ойду айтты жылкы өстүрүүчү.
Карапайым жылкыдан карабайырдын негизги айырмачылыктарынын бири – этке союлчу жылкынын жүрөгүнүн салмагы 2 кг болсо, мунуку болсо – 6 кг!
Кыймылдаткычы 2 куб болгон унаа менен, 6 кубдан турган унааны эле салыштырсак. Карабайырлар өтө күчтүү, чыдамкай жана буттары темир сымал кубаттуу. Ошондуктан, узак аралыкка жакшы чыдашат. Бир аз гана тыныгуу болсо, алар кайра эле жолго аттанууга даяр. Катаал шарттарда, жем-чөпсүз жол жүрүүгө жөндөмдүү жаныбар. Баса, совет доорунда, “Карабайырдын изи менен” аттуу көркөм тасма да бар болчу. Тасмада, аткезчилер ушул аттар менен Түндүк Кавказ тарапка кетип бара жатышкан болот”, - деп, тамашалап эскерет Султанов.
Ошондой эле, монголдор да бул тукумду “өздөрүнүкү” катары карашып, бул күлүктөрдү калыптандырып башташты:
“Монголиядагы өнөктөшүбүзгө, символикалык баа менен, 10 айгырды тукум улап алгыла деген максатта жибергенбиз. Биз деген толук асыл тукумду калыбына келтирип жатсак, алар болсо бул тукумду толук жоготуп алышкан. Бирок, чынын айтуу керек, монголдор өтө жакшы уюшкандыкта баштап, ири каражат сарпташып, астейдил киришишти. Анысы менен бизден сатып алып жаткандыктан, бизге да зор жардам этип жатышат”,- деп баса белгиледи Султанов.
КАРЫШКЫРЛАРГА АҢЧЫЛЫК ЖҮРҮҮДӨ
Манасбек Султановдун дагы бир кумары – тайгандар. Алар менен алектенгенине дээрлик 30 жылдан ашты. Мисалы, карабайырлар боюнча эми гана көзгө көрүнөөрлүк иш-аракеттер башталса, ал эми тайгандар боюнча эбак эле көптөгөн көргөзмөлөр уюштурулуп, асыл тукум китепчесин жазуу жүргүзүлүп жатат.
Манас Талантович дүйнөгө таанымал болгон “афган дөбөтү” да биздин тайгандан келип чыккан деп ишенет:
“Афганистандан тайганды англиялыктар алып чыгып кетишкен жана селекция жүргүзүп, өздөрүнө жага турган көрккө келтиришкен – мына сага “афган дөбөтү” чыга келди да. Биздин тайгандар болсо, эбак эле көптөгөн эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу катышуучулары болуп калышкан жана ал көргөзмөлөрдө а түгүл тайгандар үчүн атайын ринг өткөрүлөт. Биздин тайгандардын күчүктөрү – Орусия, Европа жана АКШга чейин сатылат.
Мындай активдүү жана жемиштүү процесстердин баштапкы этабында кандайдыр бир түрткү керек болуш керек. Мисалы, биздин тайганды эч ким таанычу да эмес, эч кимге кереги да жок болчу. А биз болсо, Испанияда өтүп жаткан асыл тукум аргымактардын Дүйнөлүк көргөзмөсүндө, Испан Падышасына тайгандын эки күчүгүн белекке тартуулаганбыз. Ал болсо аябай кубанган жана ошонун өзү биздин тайган үчүн сонун жарнама болгон.
Биздин тайганга казактар да өтө кызыгышат. Анткени, алар карышкырлардан көп жапа чегишет. А биз аларга, тайгандарыбыздын карышкыр алганын көрсөтсөк, тайгандын бир күчүгүн бир чоң атка алмашууну сунушташкан.
Бир ирет казак досума конокко баргам. Бир күн мурда, анын чабаныны кайтарган 70 койду карышкыр жарып кетиптир. Ал мени: "Бир күн мурда келсең болбойт беле", - деп жемелеп кирди. Себеби, келген сайын, тайгандар жана мылтыктар менен келип, карышкырларды таппасак да, айлананы бир топ дүрбөлөңгө салып кетчүбүз. Ал болсо, эч кур дегенде 2-3 ай тынч жашайт.
Анткени, тайган өтө чоң аянтты чуркап өтөт жана ал жерге белги калтырат. Ал белгини учураткан карышкыр, ал аймактан оолак жортуйт. Эмне үчүн, карышкыр тайгандан айбыгат? Чабандын жөнөкөй ити жакындаган карышкырды жөн гана кубалайт, а тайган болсо аны кууп жетип, өлтүрүшү мүмкүн. Булар тең ата болушат.
Бул дагы казак фермерлери үчүн чоң жарнама. Алар тараптан эле талап жаралса, биздикилер тараптан сунуш болмок жана тайгандын сапаттуу тукумун көбөйтө баштай элек”, - деп түшүндүрдү Султанов.
Ошол эле кезде, тайгандарды жана карабайырларды сыртка чыгарууга тыйуу салбаш керек деп эсептейт – андай нерсе бул тукумга сырттан талап болбой, бул асыл тукумдун жок болушу шарт түзөт. Демек, Кыргызстанга мунун эч пайдасы жок.
ЖЫЛКЫ – БАЛДАР ҮЧҮН
А бул нерсе болсо, Манас Султановдун кумары эмес, а кайгысы десек болот. Аутист жана церебралдык паралич (ДЦП) менен ооруган балдар менен иштөө боюнча:
“Чындыгында, аутист жана церебралдык паралич дарты менен ооруган балдары “жылкы терапиясы” аркылуу реабилитация кылуу долбоорун мен баштагам. Азыр ал группалар менен шакирттерим алек. Тилекке каршы, бизди Ата-Түрк паркындагы базадан чыгарып салышкандан кийин, оорукчан балдар менен Бишкек ат-спорттук мектебинде гана алектене алабыз. А мындай балдар үчүн, албетте өзүнчө база керек. Спортчулардан бөлөк жерде жана балдарга ылайыктуу атайын тандалган жоош аттар керек. Андан сырткары, атайын жабдыктар болушу шарт. Азыр биз, шаардын борборуна жакыныраак жерден жай караштырып жатабыз. Себеби, балдарын алып келчү ата-энелерге оңой болмок.
Биз бул долбоорго кантип келдик? Ар бир жылкы сүйүүчүгө жакшы белгилүү нерсе - ДЦП дартын ат минүү жана дельфиндер менен сүзүү аркылуу дарылашат. Мунун жакшы жыйынтыгы эбак далилденген.
Менин колумда 4- же 5-класстагы кичинекей кыз машыгып жүрдү.Омурткасы кыйшайган жана көзү да жакшы көрчү эмес. Жыл аягында, кадимкидей түзөлүп, көз көрүүсү да алда канча жакшырып, татынакай кыз болуп калды. Себеби, ат мингенде же сууда сүзгөндө, омуртка бош абалда кыймылга келип, кан жакшы чуркайт жана нервдин учтарынын иштөөсү жакшырат.
Ал эми аутисттер болсо, жылкынын жылуулугун жактырышат жана аларга жылкыдан токтоолук жугат. Менин байкоомдо, жылкы да аларгы аяр мамиле кылып, ортодо кандайдыр бир өзгөчө байланыш пайда болот.
Ар бир сабактан кийин, жылкыны кучактагандан эле, аутист балдардын кадимкидей тынчтанганын, абалы жакшыра түшкөнүн көрө аласыз”, - дейт Султанов.
P.S. АЛГАЧ БААЛУУЛУКТАР – АНДАН КИЙИН ЭКОНОМИКА
Маегибизди жыйынтыктап жатып, Манас Султанов дагы бир ирет баса белгилеп кетти, мамлекеттик саясаттын туу чокусунда улуттук баалулуктар туруусу керек – инсандык, тарыхый жана маданий, салт-каадаларыбыз жана үрп-адаттарыбыз. Мына ушуларды колдоо гана экономиканын өсүшүнө шарт түзөт жана коомдун жашоосундагы башка чөйрөлөргө да оң таасирин берет.
Башкысы, бул процесстерге жолтоо болбоо, деп баса белгиледи Манас Талантович.
Булак: “Майдан. kg” гезити