Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Бул атың өчкүр коронавирус адамды кызматына, даражасына карабай эле жуга берет тура. Башкасын кой, кантип сактануунун жолун билген, ак халат кийип, маска тагынган, колкап кийген медиктер деле ооруп калышууда. Демейде, күн ысыгында жогорку температурада ар кандай вирустар өлүп калчу. Тилекке каршы былтыркыдай эле быйыл да аба райынын көрсөткүчү +36га чейин жеткен жай саратанда күн сайын ооругандар менен каза болгондордун саны көбөйүүдө. Ал эми КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктурганын коомчулукка өзү билдирген.

Ал иш бөлмөсүндө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеди. “Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышты. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарыланып жатам. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек”,- деген болчу. Кечээ болсо министр сакайып, жумушка чыкканы кабарланды. Балким, буга уу коргошун таасир бергендир?

Албетте, биз министрге уу коргошун ичеби, ит мурун ичеби, эмне болсо да айыгып кеткенин кубаттайбыз. Бирок эгер анын сакайышына дал ушул коомчулукта ызы-чуу жараткан уу коргошун даба болуп калса, анда башкаларга да таңуулап, аны экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “уу коргошун ичпесеңер айлыгыңарды бербеймин...”,- деп чыкпайбы?

Булак: “Майдан. kg” гезити