Быйыл бир эле Кыргызстан эмес, бизге кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда да май, июнь айлары кургакчыл болуп, дыйкандардын эккен эгини жерден бир карыш эле көтөрүлгөндө баш алып кетип, комбайнга кирбей калууда. Андыктан ак төөнүн карды жарылган жай мезгилинде эле чөп, ун тартыш болору айтылып жатат.

Ал эми Кыргызстандагы эң ысык аймагы болгон Араван районунун Төө-Моюн массивинде 1000 гектар аянтка айдалган буудайдын 700 гектары орулду. Дыйкандар быйыл эгинден мол түшүм алабыз деп турушат. Анткени, гектарына 50-60 центнерге чейин түшүм алышууда. Учурда оруп жыйноого 20 комбайн тынымсыз иштеп жатат.

Түшүмдүн мол болгону – быйыл аталган аймакта аба-ырайы жана сугат суунун жакшы жеткенине байланыштуу. Ага кошо дыйкандар жаңы сорттуу, түшүмдү жакшы берчү буудай түрүн да айдашкан.

Аталган аймакта кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо башталганга бир жумага чамаласа, бул арада 20дан ашуун комбайн аз убакытта 700 гектарга жакын аянттагы эгиндери оруп бүтүрүштү. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, пандемиядан улам Өкмөт дыйкандарга дан эгиндерин өткөн жылга караганда көп айдоону сунуштаган.

Бүгүнкү күнгө карата Тоо-Моюндагы эгин талааларындагы дан жыйноо иштери 70-80 пайыз аяктап калды.

Эми республикабыздын башка аймактарынын дыйкандары да аравандыктардай чымыркана иштешсе, алдыдагы кыштан чөп, буудайдан кыйналбай чыгып кетчүдөйбүз.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити