Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

Ачыгын айталы, социалдык тармактардагы кээ бир фейк аккаунттардын жазгандары мамлекеттин бүтүндүгүнѳ, элдин ынтымагына, ѳлкѳ ичиндеги улуттук коопсуздукка ачыктан ачык эле шек келтирет.

Фейктердин аракеттери жүзүн жаап алып, кылмыш кылган кылмышкерлерден эч айырмасы жок. Кылмышкер кылган кылмышы үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылат. А эмнеге фейк аккаунттар кылмыштуу аракеттери үчүн жооп берип, же мамлекеттин бүтүндүгүнѳ шек келтирип, чагымчыл постторду жазып, тараткандыктары үчүн жооп бербеши керек? Фейк аккаунттардын артына жашынып алып, кутум максаттарды кѳздѳп, атайылап жалган, чагымчыл маалыматтарды таратып жатабы, ал үчүн жоопкерчилик каралышы зарыл. Бул ѳңүттѳн алганда, айрымдардын “фейк аккаунттарга чара кѳрүү менен сѳз эркиндигин муунтканы жатышат, чындыкты айткандардын ооздорун жапканы жатышат”- деп айгай салгандары суу кечпейт. Сѳз эркиндиги - бул жалган, чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратуу, же мамлекеттин бүтүндүгүнѳ доо кетирүү эмес.  Сѳз эркиндиги - бул эң ириде фактыга негизделген чындык, мыйзамдуулук.

ЖК депутаты Гүлшат Асылбаеванын бул боюнча мыйзам долбооруна айрым күчтѳр, топтор, кээ бир саясатчылар, НПОчулар эле каршы чыкпаса, кѳпчүлүк колдоого алары талашсыз. Анткени, мыйзам долбоору кѳпчүлүктүн кызыкчылыктарын коргоого, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип, чагымчылдык кылгандарга багытталган. Учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосунда жатат. Бүгүн бул мыйзам долбоорун кабыл алып, социалдык тармактарды тартипке келтирүү мезгилдин талабы болуп турат. Болбосо, фейк аккаунттар мамлекеттүүлүккѳ, суверендүүлүккѳ, элдин биримдик, ынтымагына коркунуч келтирчү чекке жакындап калышты…

 

Булак: “Майдан. kg” гезити