Адамдар азыр ачкадан өлбөйт дешет. Мен ушул сөзгө кошулбайм. Өлөт! Кыргыздын тамагы ушул эле: камыр, чай, картөшкө. Ашып ташыган үчүн жегенибиз жок. Себеби болгон дарамет ушул. Отуздан өткөндө курсагыңды чыгарып, ашыкча май басып өзүң күтпөгөн ооруларга жолугасың. Күндө кайталанма. Ал жакка, бул жакка жеткире албай атып кыркка чыкканда сахар, давление, жүрөк оорулары же рак жабышат. Андан кийинки жашооң оору менен алышып атып өтөт. Витаминдештирилген тамак-аш жеш үчүн бир үй бүлөгө 20миңден 40миңге чейин пул керектелет. 6000-15000 сомго чейин айлык менен квартирада жашаган беш балалуу мугалим менен медиктер кантип ден соолугу саламатта болот билбейсиң. Азыр кадам сайын аптека. Сухофрукты, уйдун, тооктун эти, белокторго бай азыктар, салаттар менен жашаган үй-бүлө аз десем жаңылышпайм.
Элдин саламаттыгы начарласа өлкө начарлайт. Азыр кайда барба оорусуна жардам сураган жарандар. Айылга барсаң эл кредитке белинен батып калыптыр. Эптеп тыйын боло калса машина алабыз. Болду. Андан кийин туалеттен бөлөк жакка жөө басмай жок. Ишенесиңерби? Азыр уяттуу жерге элесепет тээп барсаң өзүңчө эле намыс. Ал сени "болгон жашооңдо тапкан ийгилигиң ушулбу?" деп карап тургандай өзүңдү жаман сезесиң. Же кээ бирөөлөр элесепет тебейин десе элесепет көтөрө албайт. Кыргызды жасалмалуулук түбүнө жетеби деп калдым. Жөө жүргөндү да намыс көрөбүз.
Ооруканага бир жолу Кытайда окуган студент бала менен жатып калдым. Ал жакта адамдардын кыймылын, ден соолугуна болгон кам көрүүсүн угуп оозум ачылды. Оякта семиз адам аз десе дагы таң калдым. Азыр шаарга веложолдор өтө зарыл болуп турган учуру. Кечкисин барып паркка басып койгон мээ эс алганы эле болбосо башка пайдасы жок. Эл жапырт элесептке өтсө, тыгын азаят, аба тазарат, шум жоголот, чөнтөккө күч келбейт. Ички туризмди өнүктүрүп алтынчы, дем алыш күндөрү веложүрүштөрдү уюштуруш керек. КТРКдан кыргыздын ырыскысын тоноп бүткөн чоңдорду көргөзө бербей элдин саламаттыгын сактоого, жаркын жашоого, сергек жашоого үндөгөн кеңештерди, чакырыктарды байма-бай бериши керек. Керек болсо күнүгө беш чакырымдан кем эмес жөө басып жумушка барып келгенге көндүрүү зарыл.
Биздин акчабыз дарыга, единицага анан бензинге коройт. Ал акчалар бүт сыртка агылып атат. Күнүгө 10 000 машина 200 сомдон май куйса 2 000 000 сом сыртка кетет экен. 30 күндө 60 000 000 сом. Бир жылда 720 000 000 сом. Дары менен единицаны айтпай эле коёлу. 1млн адам "О" же "Билайн" колдонсо бир жумада 100 сом салганда эле 100млн сомго шыпырылып калат экенбиз. Жада калса таксиге төлөгөн акча да сыртка кетип атат. Ушунун баарын жөндөп элди алдыга жетелеген жетекчи жок. Колуна 40 миң долларга чейинки саатты тагынып курсагын агызып, кычыраган кабинетте отурушат. Дагы элди күнөөлөйбүз. Эл байкуш кантсин... Элди жетелеп көзүн ачыш керек. Анан өнүгөбүз. Азыр көпчүлүк ички дартты социалдык түйүндөрдөн чыгарып атышат. Агрессия. Светофордон жашыл күйгөндө эмес, күйөрдө басышат. Баары нерв. Чет өлкөгө чыксаң "Кыргыз эмнеге ушинтип жашабаш керек?" деп кейийсиң. Күндөн күнгө артка калып баратабыз. Жалкоо да келет турбайбызбы.
Бегжан Шыгаев