"Бабанов баягы 20 миллион долларды бюджетке качан төлөйт? Эске сала кетсек, байлыгы баш айланткан Бабанов 2006-жылы "Альянс" нефть, документ боюнча "Мунай мырза" компаниясын орустардын "Газпром" компаниясына сатканы эсибизде. Тагыраагы, "Мунай мырза" компаниясын Бабанова Анипа 101 миллион долларга сатып, акчасын баласы Бабанов Өмүрбек алган. Ошол эле маалда алып сатуу операциясынан мамлекеттик казынага салык катары 20 миллион доллар төлөгөн эмес. Арадан 15 жыл өтсө да төлөй турган оюу жок", - деп жазды ФБ колдонуучусу Чолпон Байзакова соцтармактагы баракчасына.