Акылбек Жапаров элден кечирим сурашы керек. Мындай пикирин депутат Сагындык Келдибаев бүгүн парламенттин каржы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, экономика жана каржы министри Кыргызстанда 2-3 айда ун калбай калат деген билдирүүсү менен коомчулукта паника жаратты.
"Урматтуу депутаттар, аткаминерлер! Бул эмне дегендик! Ушинтип айтса болобу?! Акылбек Жапаров 2-3 айда чек аралар жабылып, Кыргызстанда ун калбай, эл ачка калат деди. Бул сөзү менен ал элди паникага түрттү. Адамдар эми базардагы ундун баарын сатып ала башташат. Акылбек Жапаров жаңылдым деп элден кечирим сурасын", - деди депутат.
Эске салсак, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында Казакстан менен Россиядан эң керектүү азыктарды тезинен алынып келинбесе, чек аралар жабылып калса, ун калбай калышы мүмкүндүгүн айткан.