ЖК депутаты, мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди.
Укук коргоо кызматынын маалыматына караганда, депутат Кыргызстанга 27-июндан 28-июнга караган түндө Казакстандан кайтып келген. УКМКнын кызматкерлери аны чек арадан кармап, тергөө кызматына алып кетишкен. Ал жакта Абжалиевдин мамлекетке келтирген зыяны 50 миллион деп бааланган, бирок азырынча 20 млн сом төлөгөн.
Эске салсак, буга чейин тергөөнүн версиясы боюнча, Абжалиевдин расмий тапкан кирешесине дал келибей турган активдерди сатып алганы аныкталган. Бирок аныкталган учурда Абжалиев Кыргызстанда жок болчу.