- Абдиламит Мажитович, быйыл сиз жетектеген “Жетиген” журналынын түптөлгөнүнө 10 жылдын жүзү болуптур. Журналдын тарых-таржымалы тууралуу айтып берсеңиз...
- Кечээ эле журналыбыз жаңыдан окурмандарыбызга тааныла баштаса, мына бүгүн билинбей арадан 10 жыл өтүп кетиптир. Он жыл аралыгында көп ийгиликке жеттик. Мурда көп журнал орус тилинде чыгып, шаардын айланасында гана таркатылчу. Мен ушул вакуумдан чыгып, көп тармактуу республикалык деңгээлде, эл окуй турган үй-бүлөлүк журнал чыгарсак деген максатта аруу тилек менен “Жетиген” журналын басма сөз айдыңына коштум. Алгачкы саны 68 бет менен 3000 нускада жарык көргөн. Изги тилектер менен ачкан журналыбыздын нускасы жыл өткөн сайын көбөйүп, учурда 20 миңге жетти. Ички мазмуну да байып, бүгүнкү күндө 164 бет менен, эки эсе калыңдыкта чыгарылып жатат. Эң башкысы, биздин журналга жазылуу 10 жыл мурда кандай баада болсо, бүгүн да ошол бааны кармап турабыз. Себеби биздин журналга пенсионерлерден тартып бардык катмардагы адамдар жазылып окушат. Ошондуктан ар муунду камтыган окурмандарыбыздын бизди колдогон сыйы үчүн каражатты башка булактар аркылуу таап, алардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн эске алып, жазылуу баасын бир калыпта кармап келе жатабыз. Бул да болсо окурмандарыбыз менен тыгыз байланышта иштешкенибиздин акыбети деп ойлойм. Эң башкысы, журналыбыз 7 жашар баладан 70 жашка чейинки окурманы бар, улуу-кичүү муун окуй турган үй-бүлөлүк журналга айланды. Журналда ар бир муун, ар бир катмар окуй турган кызыктуу темалар бар.
- Журналдын ичиндеги редакциялык кеңештин курамы тууралуу да кеп кылсаңыз. Барактап көрсөм, улуу муун, элита адамдарынын жүздөрү бар экен, алар сиздерге кандай кеңештерди берип турат?
- “Жетиген” журналы өзүнүн карамагына, айланасына санаалаш, тилектеш эң жакын адамдарды чогулта алды. Кыргызстандагы ак эмгеги менен ийгиликке жеткен, өзүнүн көз карашы бар, калыс пикирдеги белгилүү инсандар биз менен бирге болуп, кеп-кеңештерин берип келет. Редакциялык кеңешке эң алгачкылардан болуп кошулуп, батасын берген КРнын Баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев аксакалдарыбыз болсо, жакында эле көзү өтүп кетти, Бексултан Жакиев аталарыбыз журналды жанындай көрүп, кеп-кеңештерин берип жүрүштү. Андан сырткары КРнын Баатыры Миталип Мамытов агабыз, мамлекетибиздин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон коомдук жана мамлекеттик
ишмерлер Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, бизнес тармагындагы Аскар Салымбеков, өнөр адамдары Муратбек Бегалиев, Гүлшайыр Садыбакасова, журналистика тармагында өзгөчө орду бар Абдиламит Матисаков агабыз бар.
Мына ушундай залкар инсандардын бизге дем-күч болгондугу журналдын окумдуулугуна өзгөчө таасир этерин жашырбайм. Агайлар менен кварталына бир жолу жолугуп, баарлашып, алардын кеп-кеңештерин, сунуш-пикирлерин угуп, жыйынтык чыгарып турабыз. Алардын пикири бизге баалуу, журналдын алган багыты, улам жаңы идеялар менен өнүгүп бараткандыгына редакциялык кеңештин салымы чоң.
- Мезгилдин агымы менен коомдогу өзгөрүүлөр дүйнөнү дүрбөлөңгө салууда. Ушул учурда коомчулук кандай маалыматтарга суусап турат?
- Бүгүнкү ааламдашуу доорунда социалдык желелер өнүгүп бараткандыгы маалым. Бирок анын дагы жаман-жакшы, оң-терс жактары бар экен, ар кандай негативдер көп. Кээ бир сайттар өздөрүнүн окумдуулугун арттыруу максатында терс маалыматтарды чыгарууга басым жасашат. Руханий дүйнөнү байытып, элдин табитин адабиятка, тарыхка бура турган сайттар аз болуп жатат. Бирок дүйнөлүк деңгээлде алып караганда акыркы мезгилде сайттардан дагы эл тажай баштагандыгы, адамдар руханий байлыкка басым жасай баштагандыгы, изилдөөлөр боюнча Америкада болобу, Европа мамлекеттеринде болобу элдин журналдарга болгон табити кайра өсө баштагандыгы байкалат. Анткени эс
алганды, жакшы бир чыгарма окуганды, белгилүү инсандардын кеңештерин алганды, кызыктуу маектерди барактап, өзүнө керектүү маалымат алганды жакшы көргөн катмар бар. Кечээги пандемия шартында экономикалык кризиске байланыштуу журналдын нускасы азаят го деп кооптондум эле, бирок тескерисинче “Кыргыз почтасы” аркылуу жазылуу көбөйүптүр. Кыргыз элине ыраазы болом. Окурмандардын бизди колдоп, жазылып окуп жаткандыгы “Жетиген” журналынын келечеги бар экендигинен кабар берет.
- Көпчүлүк массалык маалымат каражаттары улуттук идеологияны унутупкалгандай элес калтырат. А сиздин журналда көбүнчө улуттук идеологияга басым жасалып, көзү өтүп кеткен инсандардын чыгармаларын чагылдырып турасыздар...
- Ар бир үйдө жаштар бар. Жаш муун биздин залкар инсандарды билбей калды. Б.Бейшеналиева, М.Рыскулов, Т.Турсунбаева, С.Чокморов деген инсандар эмне деген талант, кандай залкарлар. Ар бир чыгарылышта залкарларды, адабият, искусство, спорт тармагы болобу кыргыздын даңазасын алыска чыгарган улуу инсандар тууралуу жазганга аракет кылабыз. Анткени биздин журнал республикабызда канча мектеп болсо, баарынын китепканасында турат. Китепканага канчалаган окуучулар кирет, алардын сүрөтүн көрүп, өздөрү үчүн маалымат алат деген максатта “Залкар” деген рубриканын алдында алардын өмүр жолу тууралуу баяндап турабыз. Мындан ары дагы бул багытта иш алып барып,
кыргызга эмгеги сиңген улуу инсандарды унутпай, эмгегине таазим кылып, даңазалай бермекчибиз.
- Журналдын атын “Жетиген” аталышынын себеби эмнеде?
- Ырас, аталышы тууралуу көп сурашат. Журналды ачып жатканда кыргызча ат коюп, жазуусун дагы кыргызча атаганды максат кылгам. Кыргызда “жетинин бири Кыдыр”, “жети өлчөп бир кес”, жети атаңды билип жүр деп 7 санын төлгө кылып келишет. Ошондой эле бир жумада 7 күн бар. “Жетиген” деген сөз да 7 тамгадан турат. Жеке менин турмушумда да жетинин тиешеси бар, 7-мартта 1967-жылы туулгам. 7-ноябрь басма сөз күнү. Дегеле 7ге байланыштуу көп маанилүү нерселер бар. Ошол себептен асмандагы Жетиген жылдызына байланыштырып, 7 дубанга жарыгын чачып турсун деген ниетте “Жетиген” деп койгонбуз. Аттын туура коюлгандыгын турмуш өзү ырастап, биздин ишибиз жемиштүү болуп жатканынан кабар берет.
- Журнал чыкпай калат деген коркунуч болгонбу?
- Башында журналды ачып жатканда насаатчыларым, белгилүү журналист агаларым менен кеңешип жакында ушундай журнал ачканы жатам десем, көбү таң калган. “Кыргызстандын рыногунда журналды жашатуу мүмкүн эмес, тапкан акчаңды жок кыласың, банкрот болуп калышың мүмкүн” деп айтышкан. Бирок менин ички туюмумда алдыга койгон максатым кенен болгон, “Жетиген” журналын гүлдөтөм, Кудай буюрса жакшы ийгиликтерди багынтабыз деген чоң максаттар болгон. Бир кызык окуяны айтып берейин, журналыбыздын 3-саны чыккандан кийин раматылык Мелис Эшимканов “сенин журналыңды көрдүм, рынокко жаңы кирдиң, Кыргызстанда жашабаган нерсени сенин жашатарыңа көзүм жетти, мен көлгө кетип жатам, 1 жумадан кийин жолугалы, сага айтаар 2-3 кеңешим бар”– деди. Мен Россияга командировкага кетип, ошол жакта жүргөнүмдө Мелис Эшимкановдун каза болуп калганын уктум. Ошентип ал кишинин кеңешин укпай
калдым, азыр көзү тирүү болгондо аябай кубанмак экен. Он жылда журналыбыз өзүнүн баралына келип, жакшы ийгиликтерге жетип, ар бир саныбызды кызыктуу чыгаруунун аракетинде элдин, чоң компаниялардын ишенимине арзып, туруктуу чыккан сапаттуу журнал болуп калдык. Он жылда 120 ай болсо 120 жолу чыктык. Союз мезгилинде дагы ушундай үзгүлтүксүз чыккан туруктуу журнал болгон эмес экен, биз ушундай ийгиликти жарата алдык. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Ушул жылдары кандай гана тепкичтерди басып өтпөдүк. 10 жыл деп айтып коюуга оңой көрүнгөнү менен башыбыздан ары кызыктуу, ары түйшүктүү күндөр өттү.
- “Жетиген” журналынын курамында канча киши иштейт?
- Биздин курамыбыз негизинен чакан эле. Учурда жалпы 15ге жакын кызматкер бар. Эң негизгиси, өзүнүн ишин профессионалдуу деңгээлде аткарган, кесибин сүйгөн жамаат бар. Көпчүлүгү 10 жылдан бери иштеп жатышат. Анткени бизде шарт, мүмкүнчүлүк, кызматкерлерибизге болгон мамиле, биримдик, ынтымак бар.
Командабыз бир кишидей болуп, көздөгөн максатыбызга жетүү үчүн дайыма бири-бирибизди колдоп, бир туугандай жакындыкта иштегенибиздин натыйжасында ийгиликтер жаралып жатат. Жумушта тартип, ынтымак, ишеним, биримдик болсо
сөзсүз ийгилик жараларына ишенем!
- Калемдин учунан кадыр-баркка жетүү оорураак. Калемдин учунан кыргыз элине таанылып, кадыр-баркка жеттиңиз. Дегеле ушул журналистикадан эмне таап, эмнени жоготтуңуз?
- Менин ырыскым журналистика тармагында экенин 7-класста окуп жүргөнүмдө эле билгенмин. Анткени 7-классымда “Сүйүктүү педагог” деп агайым жөнүндө жазган биринчи макалам райондук гезитке чыккан. Журналист болуу менин балалык кыялым эле, айылда тынымсыз макала, аңгемелерди райондук, облустук гезиттерге жазып, 10-классты бүткөнгө чейин такшалып калганмын. Ошондо апама мен журналист болом, кийин Бишкекте жашайм, калем менен тыйын таап, силерди жакшы багам деп айтчумун. Жаштын тилегин берет деген чын экен. Кудайга шүгүр, баары бала кезде тилегенимдей ишке ашып келе жатат.
Элге жардам берүү боюнча чоң-чоң максаттарым бар, анткени мага атам кайрымдуулук иштерин көп үйрөткөн. Азыр чоң басмакана куруп, пайдаланууга берип жатабыз, 50 адамга жумуш орун түзүлөт. Кудай буюрса, атамдын атында кайрымдуулук фонд ачып, келечекте көп иштерди жасасам, элге жарыгымды тийгизсем деген ниеттерим бар. Өткөндө бир депутат мектепке бир компьютер берип, кайра-кайра реклама кылды, бир чети уялдым. Мен ошол эле жылы айылыма 10 компьютер, 250 миң сомго китеп алып барып, окуусунда алдыңкы окуучуларга стипендия берип, бирок пиар деле кылган жокмун. Азыр эми адамдар пиарга жакындап кетпедиби. Кудай Таалам алганга эмес бергенге жеткирсин. Журналистика тармагында көп нерсе таптым, жакын санаалаш адамдарды таптым, мен үчүн бул чоң байлык.
- Журналдын 10 жылдыгына карата кандай пландарыңыз бар?
- Кудай буюрса, журналыбыздын 10 жылдыгына карата мааракелик иш-чара өткөрүлөт. Чоң масштабда өткөрөлү дегенбиз, бирок азыркы пандемияга байланыштуу токтотуп койдук. Ошентсе да өзүбүздүн чөйрөдө биз менен кызматташып жүргөн, жакшы мамиледе жүргөн адамдарды чакырып, чай берип батасын алалы деген планыбыз бар. 10 жылда аткарган ишибиз боюнча китеп чыгарып жатабыз. Ар бир облуста 20-25 ырчынын, өнөр адамдарынын катышуусунда элге акысыз концерт тартуулап, жогорку деңгээлде жасаган ишчараларды чоң министрликтер да жасай албайт. Андан сырткары өзүбүздүн басмаканабызды бүтүрдүк, буюрса жакында ишке киргизебиз, ютуб канал, сайттарды иштетели деген пландарыбыз бар. Кудай буюрса келечекте “Жетиген Медиа холдинг” болот. Эң башкысы журнал өзүбүздүн басмаканадан чыгарылат. Акын-жазуучулардын китебин арзан баада чыгарып, аларга да жардам берели деген ниеттер бар.
Булак: “Майдан. kg” гезити