Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирустун 1 миң 81 жаңы учуру катталды. Каза болгондор - 5. 

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкекте 640 жаңы учур катталган. Ошто - 71, Чүй облусунда - 99, Ош облусунда - 58, Талас облусунда - 14, Нарын облусунда - 17, Ысык-Көлдө - 28, Жалал-Абадда - 91 жана Баткенде - 63. 

Бир суткада 488 адам сакайган.