Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

"Кээде энелер эмоцияга алдырып, балдарын "эшек", "айбан" (айтор, ушуга окшогон жаман сөздөр менен) урушат. Эне өзү зомбулук көргөзүп, кичинекей баланы уруп-согуп, кемсинтип, басынтып чоңойтот. Ал бала эр жеткенде ызасын агрессия менен башка аялдардан чыгарат. Тээ башынан баштап, биз өзүбүз дагы тыйылалы. Бирөөгө ачуубуз келсе баладан чыгарбайлы. Балдар энеден кордук көрбөсүн. Энелер  мээримдүү бололу", - деп жазды актриса Айжан Акылбекова соцтармактагы баракчасына.