Печать
Категория: Коом
Просмотров: 277

"Финпол жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлду. Сыягы, жаман эмес. Текшерүүчү органдар азыраак болот. Бирок салыктык жана коррупциялык кылмыштар калып жатпайбы. Менимче, салыктык кылмыштарды иликтөөнү Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы атайын бөлүмгө кайтарып берүү керек, а коррупциялык иштерди жөн гана Башкы прокуратурага өткөрүп салуу туура. Албетте, мында маселе жаралат - орган өзү иликтеп, кайра эле өзү көзөмөлдөйт. Бирок бул анча коркунучтуу эмес. Менин билдирүүмдүн маңызы - механикалык ликвидация эмес, реорганизация болушу зарыл дегенди камтыйт", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев.