- Ат-Башыга курулат деген логистикалык борбор боюнча кандай ойдосуз?
- Кыргызстан географиялык жайгашуусу, аба, темир жана авто жолдору менен байланышкан жолдордун өзү эле борбор катары айтылат, демек, башка мамлекеттер менен экономикалык байланыштарды куруу, орнотуу маселеси, экономиканы өнүктүрүүгө жол ачаары талашсыз.
“Хоргос” базары казак, кытай өлкөлөрүнүн чек арасында ачылып, казак өлкөсүнө пайда алып келүүдө. Биз дагы кытай-кыргыз чек арасына ушундай базарды жайгаштырсак жакшы болмок, угушумча, чек арага салуу, абдан катаал шарт болгондуктан, кыйыныраак экен.
Албетте, жергиликтүү тургундар айранды үйлөп ичип калган, анткени, кен байлык же башка орчундуу маселелер боюнча, эл менен бийликтин ортосунда ишеним кетип калгандыктан, түрдүү пикирлер айтылууда. Эми бийлик элдин ишенимин кайтарууга аракет кылуусу керек.
Ошондуктан, азыр кандай аракет кылышса да, ар түрдүү сөздөр, сындар айтылышы мүмкүн. Аны туура түшүнүү керек.
Эгер, 49 жыл мөөнөт менен 200 гектар жер “Эркин экономикалык зона” алкагында ижарага бериле турган болсо, эң негизгиси “келишим” ачык талкууланып, ар түрдүү учурлар эсепке алынса, эч нерседен кооптонбой жана коркпой туруп логистика борбор ача берсек болот. Анткени, ижара маселеси жөнөкөй маселе эмес. Ошондуктан, баары ачык айтылышы керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити