Печать
Категория: Коом
Просмотров: 221

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен ооруп калды. Анын ПЦР-тести оң жыйынтык менен чыккан. 

Бул тууралуу ал өзү жарыялады. Айтымында, учурда дарыланып, уу коргошун ичип жатат. 

"Үч күндөн бери уу коргошун ичип жатам, азыр бир топ жеңилдеп калдым. Бүгүн сүйлөгөнгө жарап калдым. Сырттан иштеп жатам", - деген ал. 

Аны менен катар ал буга чейин коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу үн каткан эмес. Эске салсак, ушул жылдын 29-мартында Кытайдын Sinopharm вакцинасын биринчилерден болуп алган. Анын вакциналанганы камерага тартылып, сүрөткө түшүрүлгөн. Ошондо, коомчулук министрге вакцина эмес, витамин сайылган болушу мүмкүн деген күмөн саноого дуушар болушкан.