Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Бизде жогорку кызмат орундарын ээлеп отурганда кызмат абалдарынан кыянат пайдалануу менен капчыгын кампайтып, байлыгын ашырган аткаминерлер жетишерлик. Бир күн бизнес кылбагандар, кошумча киреше булактары жоктор ашкан бай адамдар болуп чыга келишет. Тилекке каршы, бул Кыргызстандагы ачуу чындык.

Аз  күн мурда кармалып, “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган экс-президенттин оң колу Алмабет Салиевдин бир катар кыймылсыз мүлктөрү табылды. Бул эргул дагы башкалардан алыс кетпей, тапкандарын классикалык схема менен адалдаптыр. Тагыраагы, өзүнүн эч кандай киреше булактары жок жакындарына, туугандарына каттаткан.

УКМК анын дээрлик 1 млн. долларга жакын баадагы кыймылсыз мүлктөргө ээ болгонун аныктады.  А.Салиев жубайы Гүлмира Мойдунованын  бир тууганынын жардамы менен “Датка” турак-жай комплексин куруудагы  үлүшкө кирип, анда баасы 50 млн. 247 миң сомдук келишим түзүүгө жетишиптир. Б.а. аталган комплекстен  аянты 844,5 чарчы метр кеңсе жайына ээ болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын кирешелери жок туугандарына бир катар кыймылсыз мүлктөрдү каттагандыгы белгилүү болгон. Өзүнүн бир тууган эжесинин күйөөсү Раатбек Орозалиевге Айтматов көч. №91 үйүндөгү баасы 100 миң долларлык, Элебаев көч. №2 даректеги баалары 120 миң долларлык  эки батирди, авто унаа токтотуучу жайларды каттаган. Бир тууган эжеси Мээрим Бакыевага болсо баасы 50 миң долларлык нан бышыруучу жай катталган.

Эч кандай бизнеси жок, кезинде мурдагы президенттин жардамчысы, жансакчысы болуп жүргөн адамдын кыска убакыттын ичинде ушундай мүлктөргө  кандай жолдор менен  ээ болгондугу айтпаса да түшүнүктүү. Эми тергөөнүн жүрүшүндө А. Салиевдин күнөөлөрү далилденсе, мыйзам чегинде жооп берип, байлыктары мамлекеттин эсебине кайтарылышы керек.

Булак: “Майдан. kg”  гезити