Өлкөнүн башкы мыйзамы жаңыланып, бир катар мыйзамдар ага ылайык келтирилүүдө. Жогорку Кеңештин регламентин жөнгө салган мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, депутаттар мындан ары депутаттык топторду түзө алышат. Ошондой эле депутаттар Министрлер кабинетинин башчысын, анын орун басарларын шайлоого макулдук бере алышат.
Мындан сырткары, жалпы депутаттардын жарымынын добуштары менен Жогорку Соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлашат. Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган негизде аларды кызматтарынан бошотууга макулдук беришет. Улуттук Банктын, БШКнын, Эсеп палатасынын башчыларын шайлайт.
Президенттин сунуштамасы менен депутаттардын жарымынын көбүнүн добуштары аркылуу Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришет.
Булак: “Майдан. kg” гезити