«Ысык-Көл» эл аралык аэропортундагы УКӨККнын (Учууларды куткаруу жана өрткө каршы камсыздоо кызматы) кызматкери Нурлан Рыскелдиев катамаран жээктен алып кеткен 17 адамды куткарды.
Ысык-Көлдө 2021- жылдын 22- июнунда катуу шамал болуп, андан 5 катамаранды түштүк тарапка жээктен 10 чакырым алыс алып кеткен.
УКӨККтүн кызматкери өзүнүн 50 кишилик жеке катери менен баратып, бул окуяга күбө болуп калат. Ал дароо сүзүп барып, катамарандагыларга жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында 17 адамды куткарып, 3 катамаранды жээкке алып чыккан.