- Бээ десе төө дегендер көбөйгөнүн өткөндө жаздым эле. Булар иезуиттерге окшоп сылык сыпаа Каныбек Осмоналиевичти да сөзгө сындырууга аракет кылып жатышат.Теорияны билбесен каяктагы практика. Элдин жарымынан көбү жашоо деӊгээли төмөн болсо, жалкоо кыргыз балдарына даваттан артык жумушу жок болсо, сакалын сылап коюп салкын мечитке отуруп алып намаз окугандан башка эмне керек. Мал багат, эгин айдайт деген түшүнө да кирбесе. Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Азыр көп секталуу болуп кетти. Тилекке каршы, УКМКдагы балдар өтө эле жумшактык кылып жатышат окшойт. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт. ЖОЖдорду жамандап мечиттерди мактап отурушат. АКШнын Борбор Азиядагы террорду уюштуруу иши үчүн чоӊ куралы ушулар. Тынч мусулман кыргыз эли чоӊ алааматка учурашы мүмкүн. Бул маселе тегерегибиздеги бардык өлкөлөрдүн тынчын алууда. Буга жалпы эл үчүн дегендер кошулбаса болбойт.