"Коррупция мамлекеттин денесиндеги рак шишигиндей эле. Эгер рак 3-4 даражада болсо, анда антибиотиктер же массаж жардам бербейт! Мында кубаттуу хирургия жана терең химиотерапия гана керек!
Бул иште ийгиликке жетишкен бардык өлкөлөр репрессияны басып өтүштү, андан кийин гана, башкаруу системасы өзүн өзү тазалап баштаганда, акырындык менен профилактика, институциялык өзгөртүүлөр этабына өтүштү. Буга мисал, Грузиянын, Сингапурдун, Кытайдын тажрыйбасы. Кыргызстан дагы азыр репрессия этабында турат... Бирок биз көпкө бул этапта кармалбашыбыз керек, системалык өзгөрүүлөр да керек", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.