Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

Бул тууралуу Сурабалдиева өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Эмне жөнүндө сурашты? Менин октябрдагы окуялар боюнча көз карашымды. Тиешелүү органдарда, прессада аудио, видеолор жана ошол күндөрү жүргүзгөн түз эфирлерим бар болгондуктан кошумча эч нерсе деле айта алган жокмун. Жөн гана ошол күндөрү жасаган аракеттеримди жана айткан сөздөрүмдү тастыктадым», - деп жазды Сурабалдиева.

Ал бул айда эки жолу суракка чакырылганын, 10-июнда 2017-жылы ноябрь айында Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча прокуратурага суракка барганын кошумчалады.

«Курамына УКМКнын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери кирген жумушчу топтор бар. Алар Кумтөр боюнча мыйзам долбоорлоруна тиешеси бар Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышындагы депутаттарды, ошондой эле мурдагы чиновниктерди суракка чакырып жатышат», - деди мурдагы депутат.

Булак: Баракелде.кж