Кыргызстанга баалуу металлдан жасалган зер буюмдардын импорту өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкөгө баалуу металлдан жасалган эки тонна зер буюм киргизилген. Анын баасы 1,7 миллион доллар. Товар жеткирген мамлекеттер төмөнкүлөр:

Түркия — 1,7 тонна;
Кытай — 0,2 тонна;
Индия — 0,1 тонна.


Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстанга 1,7 тонна зер буюм импорттолгон (1,6 миллион доллар).

Булак: Спутник.кж