Печать
Категория: Коом
Просмотров: 74

2021-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.