Ат-Башы районуна логистикалык борбор куруу маселесин коомчулук талкууга алууда. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев логистикалык борбордун курулушу жергиликтүү элдин жашоо-турмушун жакшыртат деген көз карашта.
"Ат-Башынын суук экенин костюмун шымдап алып чоңойгондор, анан май-июнда кечкисин от жагып, гамаш шым менен уктагандар гана түшүнөт. Бирок логистикалык борбор курулуп калса элдин жашоо-турмушу мындан да оңолмок эле. Логистикалык борборду курса Арпага, болочоктогу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун боюна курса өзүн, балким, актамак", - деди Кубат Оторбаев.