Печать
Категория: Коом
Просмотров: 292

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна логистикалык борбор куруу маселеси кызуу талкууланып жатат. Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов борборду Балыкчыга куруу туура болот деп эсептейт. 

"Ат-Башы алты ай суук, жумушчулар жашаганга ылайыксыз, көптөгөн жылуу тамдарды салыш керек, электроэнергия жетишсиз, индустрия кесибинде иштегендер жок, тыштан баргандарга квартиралар да жок, цивилизациядан алыс, темир жол да жок.. Ат-Башыга "перевалочный" база курса болот. Кытай фуралары жүгүн түшүрүп кайра артка кеткенге. Жүктү кыргыз фуралары ташымак…

Логистикалык борбор менен Индустриялык зонаны Балыкчы шаарынын Кочкор тарабындагы ээн жерге салса болот. Индустриялык зонага мыкты шарт түзүп экспорттук максаты бар Кытайдын ТНК (транснационалдык) компанияларын келтириш керек. Алар чыгарган товарынын дээрлик көпчүлүгүн КМШ, Түркия, Иран ж.б. өлкөлөргө экспорт кылышат. Балыкчы «тогуз жолдун тоому», өнөр-жай жумушчулары көп, сырттан да көп жумушчулар келмек, темир жол бар, электроэнергия жетиштүү…" - деди экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов.