Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр кирди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 24 июнунан тартып «Манас», «Ош» жана «Исык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө киргизет.

Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.

Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

«МЭА» ААК жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.