Президенттин аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Алманбет Салиев жакында УКМК тарабынан "мыйзамсыз баюу" беренеси менен камакка алынган болчу. Анын байлыктары тууралуу маалымат жарыяланды. Ага таянсак, Салиевдин жакындарына катталган мүлктөрдүн жалпы суммасы 900 миң долларды (70 млн сомду) түзөт.
Ал байлыгынын көп бөлүгүн туугандарына каттаткан. Ошондо:
Жездесине Бишкек шаарындагы Айтматов көчөсүндөгү № 91- үйдөгү батирди каттаткан. Бул үйдө өзү жашайт.
Андан тышкары:
-Элебаев көчөсүдөгү курулуп бүтө элек имаратты (паркинг);
– Элебаев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайды;
-Элебаев көчөсү № 2-үйдөгү батирди;
-Элебаев көчөсү № 2-үйдөгү батирди.
Эжесинин наамына Матросова көчөсүндөгү үй жана наабайкананы жаздырган.
Ошондой эле, “Астра плюс” ЖЧКсы менен жездесинин атынан келишим түзүп, Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан “Датка” комплексинен үлүшкө ээ болгон. Бул 50 млн 247 миң сомго бааланган 844,5 чарчы метр офис бөлмөлөрү болуп саналат.
Ал эми ушунча байлыгы менен Салиевдин декларацияларында 2016-жылдан 2020-жылга чейинки беш жылдын ичинде жылына 137 миң сомдон 2 миллиондон ашуун каражат киреше гана тапканы айтылган.